КР бөлгөн 10 млн. сом корой элек. Россиядагы мекендештерге ким кандай жардам берүүдө

Элчилик, диаспора жана демөөрчүлөрдүн каражатына азык-түлүк алынып, жатакана, хостелдерге төлөнүп жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү Россиядагы мекендештерге жардам берүү максатында бөлгөн 10 миллион сому коротула элек. Бул туурасында КРдин РФтеги элчилиги билдирди.

Ага ылайык, Москва шаарындагы кыргыз диаспораларынын лидерлери, активисттер элчиликтин алдындагы штабдын мүчөлөрү менен жолугушкан. Алар өкмөттүн 10 миллион сом жардамын элге таратуу тартибин, коронавируска байланыштуу мекендештердин азыркы абалын жана жашоо шартын талкуулашкан.

"Өкмөт тарабынан берилген каражат бүгүнкү күнү коротула элек. Буга чейин диаспоралык коомдордун, элчиликтин кызматкерлеринин жана кайдыгер карабаган мекендеш, демөөрчүлөрдүн каражатына азык-түлүк алынып, муктаж жарандарга, студенттерге жардам көрсөтүлүп, убактылуу жатакана, хостелдерге акча төлөнүп жатат. Жалпысынан 1 миллион 300 миң рубль сарпталган. Бул каражатка алынган азык-түлүк 1-майга чейин элге жетет", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт тарабынан бөлүнгөн 10 миллион сомдун сарпталышы коомчулуктун көзөмөлүндө болуусу үчүн штаб жана диаспора өкүлдөрүнөн турганы атайын комиссия түзүлгөнү белгиленди.

Россиядагы элчилик чек ара кыргызстандыктар үчүн ачылды деген маалыматты төгүндөдү
Элчилик мекендештер үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, мындай оор кырдаалда сабырдуу болууга чакырып кетти.

"Тилекке каршы, ушундай оор мезгилде биздин айрым мекендештерибиз кыйынчылыкты көтөрө албай, ар кандай провокацияга алдырып, массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда куру талаптарды коюп, тартипсиздикти көрсөтүүдө. Муну менен биз жалпы кыргыз элибиздин аброюна шек келтирип жатабыз. Дүйнө жүзүнө уят болбойлу. Сабырдуулугубузду көрсөтөлү", — деп айтылат кайрылууда.

Ошону менен бирге элчилик саясатчыларды популизмге алдырбай, чет жердеги кыргызстандыктарга такталган маалымат берүүгө чакырды.