ЕАЭБдин аймагынан айрым товарларды чыгарууга чектөө коюлду. Себеби

ЕАЭБдин аймагынан айрым товарларды чыгарууга чектөө киргизилген. Министрдин айтымында, бул көрүнүш июнь айына чейин узарышы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагынан айрым азык-түлүктү чыгарууга чектөө коюу анын тартыштыгынан келип чыккан кадам эмес. Бул туралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министри Артак Камалян билдирди.

Ушул тапта “ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу” темасында Москва — Ереван — Кишинев шаарларынын ортосунда видеокөпүрө өтүп жатат.

"Чындап эле азыр айрым товарларга чектөөлөр бар. Ажиотаж болуп калганда, бул же тиги товарды текчелерге калтырбай талап кеткен учур болот. Бирок биз алар тартыш болгон үчүн эмес, баа жагынан спекуляция болбосун деген максатта чектөө коюп жатабыз. Мындан чочулоонун кереги жок”, — деди министр.

Маалыматка караганда, бул чектөөлөр июнь айына чейин созулушу мүмкүн.