Парламент 4 миңге жакын кылмышкерге мунапыс берүү мыйзамын кабыл алды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, азыркы тапта Кыргызстандын абактарында 7939 жаран отурат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель окуясынын 10 жылдыгына карата абактагы 3797 адамга мунапыс берүүнү демилгеледи.

Анын мыйзам долбоору бүгүн парламенттин жыйынында экинчи жана үчүнчү окууда каралып, 110 депутаттын макулдугу менен жактырылды. Каршы добуш берилген жок.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Айваз Кадыров учурда Кыргызстанда 7939 адам абакта отурганын билдирди.

Анын айтымында, мыйзам күчүнө киргенден кийин 3797 соттолуучуга мунапыс берилет. Мунапыстын эки түрү болот: биринчиси — абактан бошотуу, экинчиси — жаза мөөнөтүн кыскартуу.

“Ар бир соттолуучунун ишин атайын комиссия карап чечим чыгарат. Бул майда кылмыштарды, экономикалык жана жеке мүлккө зыян келтиргендерге тиешелүү. Мурда мунапыс менен абактан чыгып, бирок кайра соттолгон жарандарга берилбейт. Ошондой эле экономикалык кылмыш жасаганы үчүн негизги жазасын түрмөдө өткөрүп, жатак абагына чыккандан кийин качып кеткендер, кайрылып келсе жазадан бошотуу каралган. Бирок жабырлануучуларды зыянга учураткан чыгымдарын төлөп бериши керек”, — деди Кадыров.

Депутаттар камактагыларга мунапыс жарыялоону сунуштады. Кимдер кирет?
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө абакта отурган адамдын бир күндүк чыгымы 80-90 сомду түзөрүн айтты.

Депутаттар мындай мунапыс жарыялоо өлкө экономикасына дагы пайда алып келерин белгилешти.

Буга чейин ушул сыяктуу эле мыйзам долбоорун Наталья Никитенко менен Исхак Масалиев демилгелеп чыккан. Бирок ал долбоорлор биринчи окууга киргизиле элек.