Россиядагы элчилик чек ара кыргызстандыктар үчүн ачылды деген маалыматты төгүндөдү

Социалдык тармактарга Казакстан Россияда калган кыргызстандыктар үчүн эртең чек араны ачат деген маалымат тарап кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Казакстан Россияда калган кыргызстандыктар үчүн эртең (30-апрелде) чек араны ачат" деген маалымат жалган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Социалдык тармактар менен мессенджерлерге "Казакстан Россияда калган кыргызстандыктар үчүн эртең чек араны ачат" деген маанайдагы маалымат тарап кеткен.

Бүгүн Дубайдан 178 кыргызстандык Бишкекке алып келинди
Элчиликтен мындай маалымат туура эместигин айтып, элдин башын айланткан кабарларга ишенбөөгө чакырышты.

Эске салсак, бүгүн ТИМдин орун басары Нуран Ниязалиев Оренбург шаарындагы Соль-Илецк аймагында Кыргызстанга өтө албай калган жарандарды алып келүү боюнча КРдин Казакстандагы элчиси сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын айткан. Россиянын Оренбург облусу Казакстан менен чектешкендиктен, аталган мамлекеттен транзит менен өтүү варианты бар.

Бүгүн РИА Новости Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин COVID-19дан киргизилген чектөөлөргө байланыштуу башка өлкөлөр менен жабылган чек аралардын ачыла турган датасын так айтууга мүмкүн эместигин билдиргенин жазган.

Кыргызстан жарандарына байланыштуу маалыматтарды КРдин Россиядагы элчилигинин коронавируска каршы түзүлгөн штабынын call-борборунун төмөнкү номерлерине чалып тактоого болот.

+7 (499) 237-43-01;

7 (499) 237-44-61;

+7 (925) 387-41-27 (WhatsApp);

+7 (925) 387-45-97 (WhatsApp);

+7 (925) 103-29-11 (WhatsApp).