Оорунун очогунда иштеген медиктерге 95 млн. сом бөлүнмөй болду

Атайын комиссия коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга каражат бөлүү маселесин карады.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. – Sputnik. Коронавирустун очогу болгон аймактарда эмгектенип жаткан саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана ишке тартылган жактарга кошумча 95 миллион 584 миң сом бөлүнмөй болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Бүгүн, 29-апрелде, вице-премьер Аида Исмаилованын төрагалыгы астында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн жеке жана юридикалык жактардан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

“Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөм төлөө үчүн 95 миллион 584 миң сом бөлүү өтүнмөсү добуш берүүгө коюлду. Натыйжада комиссиянын 15 мүчөсүнүн 11и колдоп, төртөө калыс бойдон калышты”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы жеке ишкерлер дарыгерлерге каражат берип гана тим болбостон, коргоочу костюм, тез жардам унааларын дагы алып беришүүдө.