Вице-премьер Исмаилова: Кыргызстанда мектептер азырынча ачылбайт

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуучулар экзаменди онлайн түрүндө тапшырмай болушту.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова брифинг учурунда Кыргызстанда мектептер азырынча ачылбай турганын билдирди.

Анын айтымында, окуучулар окуу жылын дистанттык режимде бүтүрөт.

"Азыркы кырдаалга байланыштуу көчүрүү экзамендери дагы аралыктан окутуунун негизинде өткөрүлөт", — деди Исмаилова.

Ал эми Жалпы республикалык тестирлөөнү онлайн режиминде тапшыруу мүмкүн эместигин билдирди. Андыктан карантин бүткөндөн кийин мурдагыдай шарт менен эле уюштурулат. Жогорку окуу жайларга кабыл алуу дагы ЖРТнын жыйынтыгы чыккандан кийин башталат.

Ошондой эле Исмаилова жакынкы күндөрү Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТга байланышкан маселелер боюнча түшүндүрмө берерин кошумчалады.

Коронавирустун кесепети

Министр: дистанттык окутууну жаңы окуу жылында дагы колдонобуз
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 729га жетип, анын жарымынан көбү, 437си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.