Кыргызстан COVID-19 менен күрөшүүдө Испаниянын тажрыйбасын алууга кызыгууда

Эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түз байланышты уюштуруу маселеси ортого салынды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Испания Королдугунун тышкы иштер, Европа Биримдиги жана кызматташтык министри Аранча Гонсалес Лайе менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Кытайдан келген дарыгерлер кыргыз медиктерине кандай баа бергени айтылды
Анда Айдарбеков кыргыз тарап коронавирус менен күрөшүү боюнча Испаниянын топтогон тажрыйбасын алууга кызыкдар экенин белгилеген.

Бул жаатта эки өлкөнүн медицина мекемелеринин жана Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда түз байланышты уюштуруу, маалыматтарды алмашуу жолу аркылуу кызматташууга ынтызарлыгын билдирген.

Ошондой эле министрлер консулдук маселелер боюнча да пикир алмашып, Испаниядагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелерин талкуулашкан.

Соңунда алар жакынкы убакта онлайн конференция форматында министрлердин орун басарларынын деңгээлинде саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашышкан.