БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кечээ кечинде жана түндө республиканын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында коменданттык саатты 73 киши бузган. Ал эми бир да унаа атайын жайга токтотулбаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.
Тартип бузуп колго түшкөндөр ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.
Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта, коменданттык саат эрежесин бузган 3727 адам кармалып, 322 автоунаа токтотуучу жайга киргизилген.
Баса, аталган аймактардын ичинен 1-майдан тарта өзгөчө абал режими Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондору менен Нарын шаарында токтотулат.