БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстан азырынча коронавирустун инфекциясынын жогорку чегине жетти деп айтууга болбойт. Бул туурасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.
Ал учурда дагы оорулууларды аныктоо боюнча чечилбей турган маселелер бар экенин белгиледи.
“Кыргызстанда оорунун жайылышынын туу чокусуна чыктык деп айткандан алысмын, элди жооткоткум келбейт. Штаб кандай чара көрүп, талап койсо, жарандарды ошону аткарууга чакырам. Бизде бүтпөй турган бир маселе бар. Бул дарттын симптому жок болгондуктан, эл арасында ооруну алып жүргөнүн билбей, же болбосо жашырынып айтпай жүргөндөр бар. Кыргызстанда 114 эл жашаган аймакта коронавирустун очогу бар деп эсептеп, учурда мобилдик топтор кыдырып, ар бир адамдын ал-акыбалын сурап жүрөт. Ошондуктан туу чокусуна чыктык деп айтуу кыйын”, — деди Боронов.
Ошондой эле коронавирус кимдир бирөөдөн убагында аныкталбай калса, андан ары жайылышына себепкер болорун кошумчалады.
Коронавирустун кесепети
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.