Кыргызстанда дагы алты дарыгер коронавируска кабылды

Бүгүн жалпысынан 21 жаранга вирус жугуп, жалпы саны өлкө боюнча 729га жетти. Алардын ичинен 437 киши сакайып, сегиз оорулуу көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча алты медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.

“Бишкек шаарында эки, Нарын облусунда үч, Ош облусунда бир медиктен табылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу аныкталган кызматкерлердин саны 191ге жетти”, — деди Акматова.

Белгелей кетсек, бүгүн 21 жаран вируска кабылып,өлкө боюнча жалпы саны 729га жетти. Алардын ичинен 437 киши сакайып, сегиз оорулуу көз жумду. 

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билүүгө болот.