Боронов: айрымдардын вирусту кайдан жуктуруп алганы белгисиз болуп жатат

Республикалык штабдын чечими менен вирус жайылган 114 очоктогу адамдар текшерилип жатат. Кандайдыр бир белгиси байкалгандар дароо тест тапшырууда.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Коронавирус обсервацияда жана үй карантининде жатпаган адамдардан дагы табылып жатат. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, күнүнө адистер коронавирус жуктурганын аныктап жаткан жарандардын саны 10дон ашууда. Ошол эле учурда алар менен эч байланышпаган 2-3 кишиден вирус чыгууда.

"Алар ким менен байланышта болуп, кантип жугузуп алганы белгисиз. Балким жашырып, өзүн-өзү дарылайм деп жүргөндөрдөн же таптакыр эле жуктурганын билбегендерден болушу мүмкүн. Республикалык штабдын чечими менен вирус жайылган 114 очоктогу адамдар текшерилип жатат. Кандайдыр бир белгиси байкалгандар дароо тест тапшырууда”, — деди Боронов.

Кыргызстан коронавирустун экинчи толкунуна даярбы? Бороновдун жообу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 729га жетти. Анын ичинен 437си айыкса, сегизи каза болгон.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.