Муфтият орозо маалында битир-садаганы үйдөн берүүнүн жол-жобосун айтты

Карантин маалында MegaCom абоненттери битир-садага, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрүн MegaPay тиркемеси аркылуу, ал эми Beeline абоненттери balance.kg тиркемеси менен төлөй алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өлкөдө эпидемиологиялык абалдан улам жарандар битир-садаганы үйдө отуруп эле уюлдук операторлор аркылуу төгө алышат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин зекетти муфтияттын "РСК Банктагы" эсебине банктын банкоматтары, терминалдары жана RSK24 мобилдик банкинги аркылуу берсе болору айтылган

Маалыматка ылайык, карантин маалында MegaCom абоненттери битир-садага, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрүн MegaPay тиркемеси аркылуу төлөй алышат. Ал үчүн зарыл болгон нерселер:

  • MegaPay тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп алуу керек;
  • Андан соң "Кайрымдуулук" деген бөлүмгө киресиз;
  • "Битир-садага", "Зекет" же "Жетим балдарга" бөлүмүн тандоо зарыл;
  • "Реквизиттер" сабына номериңизди киргизип, кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү шарт.

Ал эми Beeline абоненттери битир-садаганы жана башка кайрымдуулуктарды balance.kg тиркемеси аркылуу үйдөн чыкпастан бере алышат. Ал үчүн зарыл болгон нерселер:

  • balance.kg тиркемесин App Store же Google Play сервистеринен жүктөп аласыз;
  • "Кайрымдуулук уюмдары" бөлүмүнө киресиз;
  • "Зекет" же "Жетим балдарга" бөлүмүн тандашыңыз керек;
  • "Реквизиттер" сабына номериңизди киргизип, кайрымдуулук төлөмдүн суммасын көрсөтүү шарт.

Баса, атайын өлкө аймактары үчүн Sputnik Орозо календарын даярдады.