Доллар менен евро арзандады. 29-апрелге карата баа

Sputnik Кыргызстан Бишкектин акча алмаштыруу жайларындагы валюта курсун, алтын жана күйүүчү майга болгон бааларды сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар менен евронун баасы сомго карата төмөндөп, алтын куймаларынын да наркы түштү. Бирок күйүүчү май ошол бойдон калууда.

АКШ акчасын сатып алуу — 78.60, сатуу — 79.30 сом. Еврону сатып алуу — 83.80, ал эми сатуу 86.74 сомго бааланып жатат. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.041, сатуу — 1.086 сом) кармалып турат.

Кыргызстан соңку үч айда 9 млрд. сом карызынан кутулду
Ал эми автоунааларга пайдаланчу күйүүчү майдын баасы мурдагы бойдон. АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 37.70 сомдун тегерегинде, ал эми АИ-95 41 сомдон сатылууда.

Алтын куймаларынын бир граммы 74 сомго арзандады.

Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.
Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.