Шаршембиге карата аба ырайы

Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 17-22 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. 29-апрель, шаршемби күнү, республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир өрөөндөрдө жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күн сууктайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 17-22 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй жана Нарын жергелеринде +19…+24, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +22…+27, ал эми Талас менен Ысык-Көлдө +18…+23 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы баш калаада +22…+24 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто термометрдин көрсөткүчү +25…+27 градуска дейре жогорулайт.