Диабет менен ооруган баламдын тамак, дарысына акча калбай калды. Ата-энелердин муңу

Кант диабетине чалдыккан балдардын ата-энелери карантинде кыйналып жатканын айтышты. Чектөө чараларынан улам айрым ата-эне балдарына керектүү дары-дармегин алдыра албай жатса, кээ бири жумуш жогунан оорукчан чүрпөсүнө ырыстуу тамак бере албай убара.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги өнөкөт оору менен алышып аткандардын көйгөйүн укту.

Коронавирус менен карантинден улам өлкөдө башка өнөкөт оорулар көмүскөдө калып калгандай көрүнөт. Өкмөт коронавирус менен күрөшүп жатканда, өнөкөт дарт жабышкан бейтаптардын айрымдарынын көзү өтүп, кээ бири дары-дармектен кыйналууда.

Алыс кетпейли, өткөндө ЖК депутаты Айсулуу Мамашева карантин жана өзгөчө абал режими киргизилгенден бери Кыргызстанда гемодиализдеги 15 бейтап көз жумганын айтты. Андан кийин соцтармакта активисттер рак илдети менен алышкан балдарга үч айдан бери керектүү дары-дармеги алынып бериле электигин билдирген.

Эмдөөнүн эч бир түрү аутизмге алып келбейт. Вакцинация тууралуу адистин маеги
Коомчулук ызы-чуу түшүп бул темаларды талкууга алгандан кийин гана Саламаттык сактоо министрлиги үн катты. Рак менен ооруган балдардын дарысына 60 миллион сом бөлүп, гемодиализде жаткандарга компенсация маселесин чечип берүүнү убадалашты.

Эми дагы бир өнөкөт оору менен алышкан катмардын өкүлдөрү соцтармак аркылуу кайрылуу жасап, көйгөйү көмүскөдө калганын жазып чыгышты. Алар — кант диабети менен алышкан балдардын ата-энелери. Өлкөнү вирус каптаган убакта булар да тобокелчилик тобунда. Sputnik Кыргызстан бейтаптардын ата-энелери менен сүйлөшүп, көйгөйүн укту.

Өкмөттүн көңүлүн бурдуруш үчүн сөзсүз эле айгай салыш керекпи?

Кант диабети өнөкөт илдеттердин бири. Бул дартка кабылгандар сөзсүз каттоого алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу шарт.

"Инсулинден башка өкмөттөн эч кандай жардам жок...", "Жок дегенде инсулин болуп турсунчу, арыздансак аны да бербей коюшпасын...", "Баламдын кантын текшерейин деп тест-сызыкча (кандагы глюкозанын деңгээлин текшерчү тест) таппай жатам...", "Кызым ийне жок калат деп, бир ийнени беш-алты жолу колдонуп жатыптыр. Инсулин алган жери шишип кетиптир. Качан сапаттуу ийне келе баштайт...". Бул кант диабети менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин чатта сүйлөшкөн сөздөрү, арыз-муңу.

Көйгөйлөрүн коомчулукка чыгарбай, ич ара сүйлөшүп чечип алышчу. Бирок карантинде айрым ата-энелер чындап кыйнала баштагандыктан, айгай салууга туура келди дейт "Диабетсиз балалык" уюмунун жетекчиси Нурхан Жумабаева.

Диабет менен ооруган баламдын тамак, дарысына акча калбай калды. Ата-энелердин муңу
"Буга чейин көйгөйүбүздү коомчулукка жарыялабай эле өзүбүз чечип алчубуз. Бирок карантин, чектөө чараларынан улам айрым ата-энелер айласын таппай калды. Кудайга шүгүр, өкмөт инсулиндин жакшысын алып берет. Ал жагынан дообуз жок. Бирок анын запасы барбы? Бизди ошол нерсе түйшөлтүүдө. Жок калса кантебиз? Кант диабети боюнча мыйзамга ылайык, инсулиндин алты айлык запасы болушу керек. Бирок Кыргызстанда бул мыйзам иштебейт. Бир эле инсулин эмес, мамлекет берчү бардык дары-дармектин кору болушу керек эле. Азыркыдай өзгөчө абал, карантин болуп калганда запаста эч нерсе жок болсо, өнөкөт оорусу барлар эмне кылат?" — деди ал.

Жумабаеванын кызы кант диабети менен сегиз жылдан бери алышып келет. Мындан улам ал оорулуу балдардын тарткан азабын жакшы билерин айтты.

"Экинчи көйгөйүбүз — инсулин алган ийнелердин сапатынын начардыгы. Бир күндө ооруган балдарыбызга 10 жолу инсулин жасайбыз. Инсулин берген ийненин сапаты жакшы болсо, ал оорутпай, жакшы кирет. Эки-үч ирет пайдалансаң да эч нерсе болбойт. Бирок азыркы ийнелердин сапаты начар болгондуктан, ийне алган жери шишип, ириңдеп кетип жатат. Андай сапатсыз ийне менен инсулиндин да таасири аз болуп калат. Кымбат инсулин бергенибиз менен шишик болгондо ал жерден инсулин өтпөй калат. Кант диабети менен ооруган жаңы төрөлгөн ымыркайлар бар. Сапаты начар ийнелер абдан оорутат. Элестетип көрүңүздөр, аны балдар күндө 10 жолу алат! Бул ийнелерди бир эле жолу колдонуш керек. Бирок бизге айына 50 даана гана ийне берип жатышат. Албетте, ал бир айга жетпейт. Мындан улам ата-энелер аргасы кетип аны менен беш-алты жолу инсулин берүүдө. Негизи бир айга 150 даанадан көп ийне бериши керек болчу. Бирок запаста жокпу же аяп жатышабы, айтор, 50нү эптеп алабыз. Тендерде арзан, сапаты начар ийнелерди алган адамдардын өздөрүнүн балдары оорубайт, ошол себептен алар биздин көйгөйдү түшүнбөй жатат", — деди Жумабаева.

Баланын ракка кабылганын кантип билсе болот? Дарыгерлер белгилерин айтты
Кант диабети менен ооруган балдардын ата-энелери ийне маселесин буга чейин эле көтөрүп, Саламаттык сактоо министрлигине кат жазышкан. Ошол убакта тергөө болуп, экспертиза да дайындалган. Бирок андан жыйынтык болгон эмес. Ата-энелерге бүгүнкү күнгө чейин кайра эле сапаты начар ийнелер таратылып жатканы маалым болду.

"Өкмөт инсулин берип жаткандан кийин башкасын өзүбүз алалы" деп ийнени деле, помпа, тест-сызыкчаларды сырттан алдырчубуз. Бирок азыр чек аранын баары жабык болуп айлабыз кетти. Колунда барлар го сырттан алдырчу. Акчасы жокторчу, аргасыздан бул эптеген ийне менен баласына инсулин берип жатышат. Жетпей калбасын деп ошол сапаты начар ийнени бир айга жеткиргендер да бар экен", — деди Жумабаева.

Сапаты начар ийне боюнча тергөө жүргөн

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу эндокринологиялык борбордун башкы дарыгери Назгүл Өмүракунова дары-дармек, медициналык каражаттар министрликке бөлүнгөн акчага жараша алынарын айтты. Ошондой эле ал бир жолу колдонгон ийне эми ата-энелерге 50дөн эмес, 150дөн берилерин кошумчалады.

"Саламаттык сактоо министрлиги мурдагыдай көп каржыланбай калган. Акча аз бөлүнөт. Аны баарына жеткириш керек. Инсулин да, ийне да тендер менен алынат. Каражаттын аздыгынан мурда айына 30 ийне берилсе, андан кийин 50 даанадан таратылып жаткан. Ошол учурда бир ийнени эки-үч жолу колдонушчу, бирок анын сапатына арыз бир дагы жолу түшкөн эмес. Акыркы алынган ийненин сапаты боюнча ата-энелер арыз жазганда тергөө жүрүп, экспертиза дайындалган. Чыгарган фирма дагы ал ийнени бир эле жолу колдонуш керектигин айтты. Биз азыр бардык ийнени кампадан алдык. Эми бир жолу сайганда бир ийне жеткидей кылып берели деп жатабыз. Негизи айына 150 даана берилет. Бирок зарылчылык жаралса кошумча деле жазып беребиз", — деди Өмүракунова.

Карантинден инсулин тартыштыгы жаралбайбы?

Коронавирустун балдар үчүн кооптуу жактарын дарыгер санап берди
Диабетке чалдыккан балдар инсулинсиз жашай албайт. Алар үчүн баарынан мурда инсулин болушу керек. Өмүракунованын айтымында, эндокринологиялык борбордо эки айга жетиштүү инсулиндин запасы бар.

"Кант диабети менен жабыркаган балдардын ата-энелерине чындыгында кыйын. Биз аны ар дайым айтып келебиз. Өкмөт колунан келген жардамын берип жатат. Саламаттык сактоо министрлиги тендер жарыялады. Утуп алган компаниялар убагында жеткирип берсе кыйынчылык жаралбайт. Айрым учурда бейтаптар коркуп, запас алууну туура көрүп, көп алып жатышат. Инсулин чыгымдары барган сайын көбөйүүдө", — деди Өмүракунова.

Балдарына даамдуулап тамак бере албай...

Ата-энелер диабет менен ооруган балдарга тамакты мүнөздөп, түрлөп, режими менен берүү керектигин айтты. Диета катуу сакталбаса, алган инсулини, дарылануусу текке кетет. Туура тамактануудан көп нерсе көз каранды. Бирок айрымдарында андайга шарт жок. Өзгөчө абалдан улам үйдө иштебей отуруп калган ата-энелердин азыр кыйналып турган учуру экен. Алардын бири Альбина. Жалгыз бой келин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен ун, май сыяктуу гумжардам келгенин, бирок баласына анын бирин да бере албасын айтып кейиди.

"Ооруган баланы режим менен туура тамактандырыш керек. Аларга камыр тамак, таттуу такыр болбойт. Сүт азыктары, балык, тоок этинин шорпосу сыяктуу азыктар талап кылынат. Бирок азыр карантинден улам иштебей үйдө отурам. Жөлөк пул тийгенде алган азык-түлүк түгөндү. Өткөндө өкмөттөн ун, май, шекер сыяктуу жардам келди. Анысына рахмат, бирок оорукчан балама аларды бере албайм. 4500 сом жөлөк пул эч нерсеге жетпей калды. Чынында бул ооруну дарылоо кыйын жана кымбат. Мурда иштеп тапкан акчамды баламдын тамак-ашына, дарысына керектечүмүн. Азыр баары жабылып, үйдө отуруп калгандыктан, же тамагына акча жок, же медициналык каражаттарын ала албай убара тартуудамын", — деди Альбина.

Мындай көйгөй жалгыз эле Альбинада эмес, карантинде иштебей үйдө отуруп калган ата-энелеринин баарында бар дейт "Диабетсиз балалык" уюмунун жетекчиси Нурхан Жумабаева. Ал баласына мүнөздөп тамак бере албай жаткан энелердин муңун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

"Биздин кичинекей бейтаптарга азык-түлүк керек. Күн сайын бейтаптардын ата-энелери мага чалып жардам сурашууда. Диабет менен ооруган балдар диетаны катуу кармаш керек. Ошондо гана алар айыга алышат. Балдар тоок эти, балык эти, жашылча-жемиштер, гречка, күрүч, сүт азыктарын жейт. Буга чейин ата-энелер минтип кайрылчу эмес. Алган инсулинге ыраазы болушчу. Бирок жалгыз бой, колунда жок үй-бүлөлөр бар. Аларга азыр чындап жардам керек болууда", — деп жазган Жумабаева.

Бул маселе боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Жардам" штабына кайрылып көрдүк. Аны жетектеген Ализа Солтонбекова штаб болгону акча бөлөрүн, ал эми азык-түлүк маселесин ар бир райондун өзүндө түзүлгөн комиссия чечерин айтты.

Диабет менен ооруган баламдын тамак, дарысына акча калбай калды. Ата-энелердин муңу
"Өзгөчө балдардын тизмесин жергиликтүү бийлик түзүп жатат. Тамак-аштын тизмесин да ошолор жазат. Ар бир райондо түзүлгөн комиссия ошол балдардын өзгөчөлүгүнө карап туруп меню түзүп, тамактарын алып берсе болот. Ал үчүн мындай сунуш менен ар бир комиссиянын өзүнө кайрылуу керек", — деди Солтонбекова.

Кыргызстанда 14 жашка чейин 640 бала кант диабети менен ооруйт. Илдеттин 1-тиби менен ооругандар 4000ге жакын. Жалпы жонунан өлкөдө 60 миңдей адам кант диабетинен жабыркап, каттоодо турат.