Бар-жогун да билбейм... Ажалдан алып калган бейтааныш адамдын ак жарыгы

Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.
Sputnik

"Ак жарык" рубрикасынын ушул чыгарылышында бүгүнкү жашоосуна, бактысына себепчи болгон бейтааныш адамга ыраазы болгон айымдын окуясы жарыяланат. Ал адам бир кезде каарманыбызды өлүмдүн оозунан сууруп алган экен.

Анда кеп башынан болсун.

... Окурмандын жүрөгүнө жылуулук чачып, адамдагы мээримдүүлүктү ойготкон, адамзатты жакшылык кылууга чакырган "Ак жарык " рубрикасына жашоомо жарыгын калтырган бейтааныш адам жөнүндө жазгым келди.

Ал ким экенин, азыр кайда жүргөнүн да билбейм, көрсөм тааныбайм. Бирок мага экинчи өмүр берип, өлүмдөн сактап калган ошол адамга болгон ыраазычылык отуз жылдан бери көкүрөгүмдө жашап келет.

1989-жылдын жай мезгили болчу. Анда мен тогуз жашар секелек кыз элем. Таластагы "Грозный" айылында (азыркы аты Аманбаев) чабандарды тоого көчүргөн вертолёттор конуучу кенен жайык төр жана ага жакыныраак жерде көл бар эле. Коңшу айыл Грозныйга айылчылап барып, көлгө түшүп келсек өзүбүздү курортко баргандай сезип калар элек.

Эски чемодандан бут кийим тиктирген заман. Ошондогу мугалимиме алкыш
Бир жолу аталган айылга мейманга барып калып, "биротоло көлгө түшө кетем" деп ээлигип алдым. Макул болгон туугандарым мени биз барган үйдүн кошунасынын менден эки-үч жаш улуу кызына кошуп беришти. Көлгө жакын жашагандыктан ал сүзгөндү жакшы билет экен. Мени конокко алып барган жеңем "бул сүзгөндү билбейт, баллону жок түшпөсүн" деп ага аябай эскертти. Биз баарына кайыл болуп сүйүнүп жөнөдүк.

Адегенде үйдөгүлөрдүн айтканын эсиме түйүп, баллон менен эле түшүп жаткам. Анан жанымдагы кыздын ээн-эркин сүзүп жүргөнүн көрүп кызыктым. Жок дегенде жерге бутумду коюп, суу бойлоп көрөйүн дедим.

Берки кыз колуман кармап сүзгөндү үйрөтмөй болду. Экөөбүз жетелешип сүзгөндү үйрөнгөнсүп жатканбыз. Бир маалда суу тартып кеттиби же чукул тереңдик бар жерине туш болуп калдыкпы, айтор, сууга чөмүлүп, оозума суу кирип, чабалактай баштадым. Анткен сайын ылдый көздөй эле чөгүп бараттык. Андайда жан таттуу экен, шап эле тигил кыздын башынан ылдый басып, мойнуна минип алыпмын. Менден дагы ал көбүрөөк тумчугуп жатканын сездим. Кыз байкуш жанталашып сүзгөнгө аракет кылып жатты. Паникага алдырган мен болбой эле аны ныгыра басып, жармашып алып сүзгөнгө да, дем алганга да мүмкүнчүлүк бербей койдум окшойт. Анда-санда башым суудан чыгып, дем алып калып жаттым.

Коркунучка алдырбай эле аны кармаганымда, ал сүзүп колуман тартып чыгып кетмек экенбиз.

Ошентип жээктен бир топ эле алыстап кеттик окшойт. Бир убакта "суудан чыгарып кетет" деп ишенген шеригим да суу жутуп, менден бешбетер тумчугуп, туруштук бере албай калганын, жан талашкан аракети улам басаңдап баратканын көрүп, үмүтүм үзүлө баштады.

Сууга келгенибизде бизден башка эч ким деле жок болчу. Бир убакта анда-санда суудан башым чыгып жатып, көлдү жээктеп басып келе жаткан бир караанды элес-булас көрдүм. Эсимди жоготуп баштаганда ошол бала бизди суудан чыгарып жатканын билем. 

Ажалдан сактап калган ошол адам деле чоң киши эмес, ашып кетсе 14-15 жаштардагы өспүрүм болчу. Ал көл жээктеп баратып, сууда жандалбастап жаткан бизди байкап калып, чечинбей эле сууга секирип кириптир.

Жездем алып берген туфли багымды ачты. Туңгуюкта калган балдыздын ыраазычылыгы
Анан өзү шөлбүрөп суу болгонуна карабай "тамагыңарга колуңарды салып, өзүңөрдү кыйнап кускула" деп ичибиздеги сууну кустурган. Бир топ эле суу жуткан экенбиз. Анан каадалуу кишиче "эми түшпөгүлө, сүзө албайт экенсиңер, үйүңөргө баргыла" деп, биз көлдөн узап кеткенче кетпей карап турганы эсимде.

Жада калса өлүмдөн куткарып калган адамга рахмат айтканга жарабаган балалык баёолугубузду карачы…

Үйгө барганда бир өлүмдөн калганыбыз жөнүндө эч кимге айткан жокпуз. Корксок керек.

Андан бери отуз жыл өтсө да, ажал менен арбаштырган суунун тереңдигинен дале корком. Өзгөчө күн батып бараткандагы көл жээгиндеги көрүнүш абдан сүрдүү көрүнөт. Жайкысын көл сезонунда да суудан ырахат ала албайм. Балдарымдын, үй-бүлөмдүн каалоосун четке кага албаганым үчүн гана Ысык-Көлгө барам. Анда да сууга түшпөй эле жээкте отуруп алып, балдарымдын ар бирин кайда жүргөнүн издеп, санааркай берем.

Бирок ошол күндөн ушул күнгө чейин жер үстүндө басып жүргөнүмө, үч баланы жарык дүйнөгө алып келип эне болуу бактысын татканыма, башымдан өткөн бактылуу көз ирмемдерге өз энемден тышкары, экинчи өмүр берген бир белгисиз адамдын салымы бар экени ар качан эсимде. Бейтааныш адамды тааныбай калдым. Азыр аман-эсенби, аны да билбейм.

Бир ирмемде бир кишинин жашоосуна ак жарыгын чачып кеткен адамга ар дайым ыраазымын. Алкышымды жок дегенде ушул кат аркылуу айткым келди...

Рахмат сизге, бейтааныш адам!

Жарыгыбызды чача жүрөлүчү...