"Талибанга" көмөкпү? Афганистанда тажик согушкерлеринин активдүүлүгү күч алды

Өткөн аптада 15 кишиден турган тажик согушкерлеринин куралдуу тобу Рагистандын аймагынан Куф-Аб уездинин өкмөттүк күчтөрүнүн постторуна чабуул койгон.
Sputnik

Афганистандын түндүгүндө абал курчугандан курчуп барат. Талибдер азырынча чектеш Борбор Азия өлкөлөрүнө өтпөгөнү менен афган жергесинде тажикстандык согушкерлер бар. Алар "Талибандын"* отряддары менен биргеликте аракет кылууда. Бул жагдай боюнча аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой толгогон.

Афган коопсуздук күчтөрү өлкөнүн түндүгүндөгү тажик согушкерлери жандана баштаганын белгилешет. Өткөн аптада 15 кишиден турган тажик согушкерлеринин куралдуу тобу Рагистандын аймагынан Куф-Аб уездинин өкмөттүк күчтөрүнүн постторуна чабуул койгон. Андан соң Рагистан уездине кайра кайткан.

Борборазиялык республикалардан чыккан террордук топтор Афганистандын Вардуж, Рагистан, Ямган, Журма, Дарайм, Яфтал жана бир катар уезддеринде катталып, толугу менен айрым аймактарды көзөмөлдөйт. Тажикстан менен чектешкен Нусай уездинде согушкерлер 16 калктуу пункттун он бешин тескейт.

Афган туңгуюгу: АКШ касташкан тараптарды элдештирүү аракетинде
Четөлкөлүк топтор адатта талибдер менен бирге аракеттенип, орток максаттарына жетүүгө умтулушат. Мурда Бадахшандын бийлиги аймакта ИМ* жана "Аль-Каида"* террордук уюмдарынын "Ансарулла", "Харкат-и-Ислами" тажик жана өзбек топторунун көмөгү менен согуштук күчтөрдү бекемдөө аракеттери туурасында билдиришкен. Мындай кызматташуу афган реалдуулуктарын чектеш өлкөлөрдүн аймагына да экспорттоо мүмкүндүгүн кыйла жогорулатат.

Согуштук аракеттер Афганистан Ислам Республикасынын дээрлик бардык провинцияларында уланууда. 26-апрелдеги Логар (Кабулдан 30 чакырым аралыктагы) провинциясындагы "Талибан"* террордук кыймылынын согушкерлеринин кол салышында афгандык коопсуздук күчтөрүнүн алты кызматкери шейит болуп, төртөө туткунга алынган.

Кала-и-Нау (Бадгис провинциясында) шаарына жакын жердеги өкмөттүк күчтөрдүн постуна талибдердин 24-апрелдеги чабуулунун жыйынтыгында кошуундан 13 киши набыт болуп, дагы он киши дайынсыз жоголгон. Соңку аптада эле афгандык коопсуздук күчтөрүнүн 100 кызматкери өлтүрүлүп, он киши жарадар болду.

Андан бир аз мурда түндүктөгү Балх жана Тахар провинцияларындагы эки куралдуу кагылышта коомдук коопсуздук күчтөрүнүн 30 чакты кызматкери, беш жергиликтүү тургун, анын ичинде наристе да окко учкан. 24-апрелде "Талибан"* өкүлдөрү Афганистандын президенти Ашраф Гани тарабынан айтылган ок атууну токтотуу сунушу жөнсүз деп четке кагылган.

Талибдердин шарттары

Эске салсак, "Талибан"* менен АКШнын тынчтык келишиминин, афгандар аралык диалогдун маанилүү жоболорунун бири абактагы согушкерлерди жана туткундагы өкмөттүк күчтөрдүн аскер кызматкерлерин куткаруу болуп саналат. Анан калса, согушкерлер бир нече эсе көп. Биринчи баскычта Кабул 5 миң талибди 1500 жоокер жана полиция кызматкерлерине алмашуу үчүн бошотууга тийиш. Мында өз артыкчылыктары жана аткарылбай турган шарттар да орун алган.

АКШ менен "Талибандын"* элдешүүсү. Таяктын экинчи учу жана Афганистандын тагдыры
"Талибан"* биринчи кезекте эң кандуу бандит жана киши өлтүргөн 15 согушкердин бошотулушун талап кылууда. Алардын бири Лайлуддин Гулбеддин Кабулдагы ири террактыларга катышкан, 2017-жылы Германия элчилигиндеги жана Афган Ислам Республикасынын сенатынын вице-спикери Мохаммад Изидьярдын уулунун тажиясындагы жардыруусун даярдаган, Афганистан Америкалык университетине (AUAF) кол салган. Гулбеддин катышкан ар бир террактта ондогон тынч жаран набыт болуп, жарадар болушкан. Афган өкмөтү азыркы мыйзамдарга ылайык, мындай кылмышкерлерди куткарууга, алтургай, Вашингтондун кысымы менен болсо да ыйгарым укуктары же негиздери жок.

Натыйжада Кабул 400 кылмышкерди бошоткон, алардын баары талибдер тарабынан "таанылбады". "Талибан"* кыймылы 60 туткунду (1000 кишиден) бошоткон, бирок коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери тарабынан алардын 19у гана таанылды.

Сүйлөшүүлөр жана согуштук аракеттер, парад жана жазага тартуулар уланууда. Кабулда түзүлгөн кош бийлик өлкөдөгү аскердик-саясий каатчылыкты курчутуп, мамлекеттик бийликтин чабалдатып, "Талибан"* жана башка террордук уюмдардын таасири чыңдалышына түртөт.

Россиянын позициясы

Коңшулаш Афганистандагы туруксуздук, террордук жана баңгизат коркунучу Россия Федерациясынын жана анын борборазиялык союздаштарынын стратегиялык кызыкчылыктарына туура келбейт.

Москва колунан келишинче Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын чек араларын жана аскердик коопсуздугун бекемдөөгө көмөктөшүүнү улантат. Регионалдык туруктуулукту чыңдоого ОДКБ структураларын өнүктүрүү, аскердик-техникалык кызматташтык, биргелешкен аскердик машыгуулар кызмат кылат.

Ошону менен катар Россия Афган ислам республикасынын элдешкис каршылаштарын жараштырууга аз күч жумшабады. Маңызында, Афганистандагы жаңжалдан кийинки түзүлүшкө алгачкы кадам 2019-жылдын 5-6-февралында "Афган аралык диалог" форматында өткөрүлгөн. 29-февралда ОДКБга мүчө мамлекеттер Афган ислам республикасындагы кырдаалды саясий-дипломатиялык жөнгө салуунун жападан жалгыз жолу, Афганистанда тынчтыкка жетишүү үчүн консультациялардын Москва форматынын маанилүүлүгүн билдирген. Тарыхтан ошол күндү чийбестен, ошол эле күнү Катарда АКШ менен "Талибандын"* тынчтык келишимине кол коюлган.

АКШнын Борбордук Азияда көздөгөнү эмне? Помпеонун сапары тууралуу
Москванын борборазиялык тышкы саясатын активдештирүүнү батыштагы өнөктөштөрү кээде "Орустар Афганистанга кайтты" деген тейдеги макалалары менен жөнөкөйлөштүрүп калышат. Албетте, андай баа реалдуулуктан ыраак экени анык.

Ошентсе да, Россия Афган ислам республикасындагы каатчылыкты жеңген соң Москва менен Кабулдун кызматташтыгын көп багыттар боюнча жандандырат. РФ регионалдык туруктуулукту бекемдөөгө, анын ичинде Афган ислам республикасынын коопсуздугун жана мамлекеттик суверендүүлүгүн камсыздоого зарыл болгон россиялык курал-жарак, аскердик техниканы берүү боюнча афгандык өнөктөштөрүнүн өтүнүчтөрүн конструктивдүү түрдө карап, бардык жагынан жардам көрсөтүүгө даяр.

Мамлекеттер аралык так бир келишимдердин аткарылышына жетип, "оюндун эрежелерин" так сактоодо Россия, анын аймактагы союздаштары бир жагынан, экинчи жагынан Афганистан менен стратегиялык өнөктөштүк түптөлүшү мүмкүн. Бирок бул координаттардын бул тутумунда террордук топтордун ролу жокко эсе болууга тийиш.

* – Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюмдар.