Шейшембиге карата аба ырайы

Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. 28-апрелде Талас жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, ошондой эле Чүй менен Жалал-Абаддын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +27…+32, Таласта +25…+30 жана Ысык-Көл менен Нарында +21…+26 радус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +29…+31 градуска чейин көтөрүлөт.