Польшалык дарыгерлердин КРдеги миссиясы аяктады

Польшанын медиктеринен турган эксперттик топ коронавирус менен күрөшүүгө көмөктөшүү үчүн 19-апрелде келген.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүүдө кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүү максатында Кыргызстанга келген польшалык дарыгерлердин иш сапары аяктады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алар Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад облустук жана Ноокат, Сузак, Өзгөн аймактык ооруканаларында 10 күн бою иштешти.

Польшалык Michal MADEYSKI тобунун координатору жана жетекчиси кыргызстандык дарыгерлердин даярдыгы мыкты экенине токтолду.

“Оорукана кызматкерлеринин коронавирус жуктургандар менен иштеши, инфекциялык көзөмөл жана коргонуу чаралары бардык талаптарга жооп берет. Дарылоо ыкмалары эл аралык стандарттарга туура келет”, — деди жетекчи.

Кытайлык дарыгерлердин Кыргызстандагы сапары карыды. Аткарган иштери
Ошондой эле ал коронавирусту дарылоодо кесипкөй, мыкты кыргызстандык медиктер менен бирге иштешкен натыйжалуу болгонун баса белгилеп, жалпы кыргыз элинин меймандостугуна ыраазы экенин кошумчалады.

Эске салсак, 19-апрель күнү коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Польшадан 8 медицина кызматкери келген.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 695ке жетип, анын жарымынан көбү, 395и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.