Ош коменданты быйыл мектепте 20 жылдыктар өтпөй турганын айтты

Бүгүнкү күндөгү статистика боюнча, Ош облусунда 160 жана шаарында 110 адамга коронавирус жукканы маалым.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Ошто быйыл мектепти бүткөнүнө 20 жыл болгон классташтар жолугушууга чогулбайт. Бул туурасында Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйында тургундардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл окуучулар дистанттык окууга өткөндүктөн мектептер жабык болот.

“Дүйнөдө санитардык-карантиндик режимди сактоо менен күрөшүп жатышат. Быйыл 20 жылдык, 10 жылдык мааракелерге тыюу салынат. Алар бара турган мектептер жабык турат. Ачык айтайын, муну өткөрүүгө жол бербейбиз. Быйыл коё турасыз дагы, эмдиги жылы 21 жылдыкка келип коюңуз. Болбосо буга чейин салт болуп калгандай, мектепке компьютер алып берип же башкасына жардамдашып, муктаждарга үй салып берүү максатыңыздар болсо, дистанттык режимде берип коё бериңиз. Бир өкүл дайындасаңыздар ага өткөрмө кагазын беребиз, саламаттыгын текшеребиз, жеткирип берсин”, — деди комендант.

Бүгүнкү күндө Ош облусунда 160 жана шаарында 110 адамга коронавирус жукканы маалым.

Коронавирустун кесепети

Жеңишке жакындадык! Бишкек коменданты кубануу менен жакшы жаңылык айтты
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 695ке жетип, анын жарымынан көбү, 395и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.