Күн сууктайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү кооптуулугу бар.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. – Sputnik. 28-29-30-апрелде Кыргызстандын аймагында аба ырайы өзгөрүлүп турат. Айрым аймактарда жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

29-30-апрелдерде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Кээ бир жерлерде үшүк жүрөт! Май айына карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

29-апрелден 3-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү кооптуулугу бар.