Көбү Нарындан. КРде коронавирустан 25 бейтап айыкты

Бүгүнкү статистика боюнча, айыккандардын көбү Нарындан. Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган жалпы 395 бейтап сакайды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 25 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, сакайгандардын саны 395 болду.

"Акыркы суткада коронавирустан айыккандардын экөө Бишкектен, экөө Ош шаарынан, төртөө Жалал-Абаддан, 16сы Нарындан, бирөө Ош облусунан", — деди Үсөнбаев.

Коронавирустун экинчи толкуну башталары болжонууда. Кантип сактануу керек
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 695ке жетсе, анын 395и сакайды. Илдеттен сегиз адам көз жумган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.