БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Дистанттык окутуунун кийинки жумаларында мугалимдер инновациялык тажрыйбаларды үйрөнүп, чыгармачылык менен изденип, билим берүү процессин жакшы жолго коюп алышты. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.
Ал шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кезектеги онлайн-конференциясын уюштуруп, дистанттык окутуунун жүрүшүн талкуулаган.
Министр алгачкы жумаларда мугалимдер жана окуучулар жаңы форматта иштөөнү өздөштүрүшсө, эми аны бир жолго салып, жигердүү иштеп жатышканын белгиледи.
"Мугалимдердин эмгегин баалап, азыр баары ыраазычылыгын айтып жатышат. Мектеп мугалимдеринин өз ишине так, эмгеги ак экендигин коомчулук сезүүдө. Педагогдордун жоопкерчиликтүүлүгүнөн, күнү-түнү иштеген мээнеткечтигинен коомдо кадыр-баркы жогорулап баратат. Дистанттык окутуу — мугалим, окуучулар менен бирге көпчүлүк ата-энелердин да санариптик сабаттуулугун арттыра баштады. Бул жакшы көрүнүш. Азыр биз башыбыздан өткөрүп жаткан билим берүү процессин терең анализдеп, алгылыктуу жактарын алып, кемчиликтерин түздөп, алдыга кадам шилтешибиз керек", — деди Исаков.
Ал ошондой эле жаңы окуу жылынан тарта дистанттык окутууну кошумча билим булагы катары киргизүү пландалып жатканына токтолду.
Исаков телевизор, телефонго муктаж үй-бүлөлөрдүн маселеси жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөрдүн жардамы менен мүмкүнчүлүккө жараша чечилип жаткандыгын, бул боюнча жумуштар улана берерин кошумчалады.