Радио

Жумабеков: COVID-19 менен күрөшүүдө Кыргызстан туура багытты тандады

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков коронавирус менен күрөшүүдө элдин тартиби маанилүү экендигин айтты.
Sputnik
Жумабеков: COVID-19 менен күрөшүүдө Кыргызстан туура багытты тандады

COVID-19 менен күрөшүүдө өлкө туура жолду тандап алды. Жасалып жаткан кадамдар Европа, Американын деңгээлине жеткирбей, ооруну жок кылууга өбөлгө түзөт. Мындай пикирин Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер эч кандай чектөө киргизбей вирусту жайына койсо, бир адам бир айдын ичинде 1000 кишиге жуктуруу коркунучу бар.

"Коронавирус менен Кыргызстан туура ыкмада күрөшүп жатат десек болот. Учурдагы чектөөлөр элдин ден соолугу үчүн киргизилүүдө. Андыктан нааразычылыктарды токтотуп, өкмөткө жардам берип, тартипти сакташыбыз керек. Үйдөн чыкпай отургула дедиби, чыкпай туралы. Дарыгерлер коопсуздук эрежелерин тынбай түшүндүрүп жатышабы, аларды сактайлы. Ал эми медицина кызматкерлеринин өздөрүнө вирус жугуп калуу учурлары боюнча да түрдүү кептер айтылып жатат. Бул табигый, кача албай турган маселе эле. Анткени согуш талаасында мина издеген жоокерлердей эле алар да көзгө көрүнбөгөн душман менен биринчи катарда туруп күрөшүп жатышат. Башка өлкөлөрдө врачтардын жуктурган учурлары пайыздык көрсөткүчтө биздикинен да жогору. Андыктан бул ооруну жалпыбыз ынтымак менен тартипти сактап гана жеңе алабыз", — деди Жумабеков.

Ал калкты медицина кызматкерлерин колдоп, айтылган эрежелерди так аткарып жашоого чакырды.