Кыргызстандыктарга чип орнотулган паспортту ким даярдайт. Тендердин жыйынтыгы

Кыргызстандыктардын жаңы паспорттору эл аралык стандартка ылайык жасалат. Алар эскилеринен орнотулган чиби жана ээсинин жеке маалыматтары бар поликарбонат баракчасы менен айырмаланат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Германиянын Mühlbauer ID Services GmbH компаниясы жаңы муундагы биометрикалык паспорттун бланкаларын даярдоо жана жеткирип берүү боюнча тендерди жеңип алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, компания өз кызматтарын 655,6 миллион сомго сунуштаган. Казакстандын Улуттук банкынын банкнота фабрикасы экинчи орунду алды. Ал өзүнүн кызматтары үчүн дээрлик 800 миллион сом сураганы маалым болду.

Кыргызстанда тез арада паспорт алуунун баасы арзандады
Сынак 2020-жылдын 26-февралында жарыяланган. Тендер мамлекеттик сатып алуулардын сайтына жайгаштырылып, бир баскычтуу ыкма менен (эки пакеттик ыкма) өткөрүлгөн. Кыргызстандын жарандарынын электрондук паспорттору (ePassport) Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына ылайык даярдалат. Алардын учурдагыдан айырмасы чиптин орнотулушу жана ээсинин жеке маалыматтары бар поликарбонат баракчасы (санариптик сүрөтү жана манжа издери) болуп саналат.

Ошондой эле иш сапарга жана саякатка көп чыккандардын ыңгайлуулугу үчүн виза баракчаларын 50гө чейин көбөйтүү каралган. Башка учурларда 34 болору кошумчаланды.