Бир нече мамлекет COVID-19га байланышкан чектөөлөрдү жеңилдетип жатат

Айрым өлкөлөрдө коронавирус менен күрөшүү үчүн киргизилген чектөөлөрдү аз-аздан алуу бир нече айга барып созулат. Кээ бир мамлекеттер бул процессти бүгүндөн баштады.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бир катар өлкөлөр коронавируска байланышкан чектөөлөрүн жеңилдетип жаткандыгын РИА Новости жазды.

Өткөн жума күндөн тартып Чехия өкмөтү жарандарга чет мамлекеттерге барууга, анын ичинде эмгек өргүүнү өткөргөнгө, ошондой эле үйдөн тыш эркин жүрүүгө уруксат берди. Бирок топтолгондор 10 кишиден ашпашы шарт. Бүгүн, 27-апрелде, соода аянты 2,5 миң чарчы метрге чейинки дүкөндөр жана тейлөө компаниялары, фитнес-борборлор, китепканалар жана зоопарктар (жабык мейкиндиктерди эске албаганда) ачылып, чиркөөлөрдүн иши калыбына келтирилиши мүмкүн.

Кытайда бир суткада үч кишиден гана коронавирус чыкты
Адегенде Хорватияда дүкөндөр ачылып, анан май-июнь айларында шаар аралык жана эл аралык каттамдар ишке киргизилери айтылат. Ошондой эле билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин, спорт жана маданий борборлордун иши жанданат.

Бүгүн Швейцарияда жалпы жардам боюнча медициналык кабинеттер, стоматологиялык жайлар, сулуулук салондору, укалоочу бөлмөлөр, унаа жуучу жайлар жана тиричилик буюмдары сатылган дүкөндөр ачылат.

Грецияда 27-апрелден баштап айрым мамлекеттик кызматтар иштей баштайт. Ипотекалык кеңселер, дүйнөлүк соттор жана биринчи инстанциядагы соттор кызмат көрсөтөт.

Грузиянын өкмөтү да бүгүндөн баштап автоунаалар жана таксилердин кыймылына толугу менен уруксат берүүгө ниеттенүүдө. Мындан тышкары, онлайн-соодага (дүң жана чекене), азык-түлүктү жеткирүү кызматтарына жана ачык айыл чарба базарларынын ачылышына уруксат берилүүсү каралууда.

Ошондой эле бүгүн Испанияда 14 жашка чейинки балдар ээн-эркин сейилдөөгө чыга алат.