Афганистанда калган 10 кыргызстандык Бишкекке алып келинди

Чет өлкөдөн келген мекендештердин баары учурда медициналык жайлардын бирине обсервацияга жаткырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бүгүн Афганистандын Кабул шаарынан 10 кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Стамбулдан келген кыргызстандыктардын анализи даяр болду
Мекендештер Афганистандын авиакомпаниясынын коммерциялык чартердик каттамы менен Казакстандын жарандарына кошулуп Алматыга келишкени айтылат.

Андан бери КРдин медицина кызматкерлеринин коштоосунда атайын транспорт менен Бишкекке жеткирилген. Учурда баары өлкөдөгү медициналык жайлардын бирине обсервацияга жаткырылды.

ТИМ мындан ары дагы чет өлкөдө калган кыргызстандыктарды мекенине алып келүү иштери улана турганын белгилейт.