Азыр кишиге D витамини өзгөчө зарыл. Себебин адистер түшүндүрдү

Адистердин пикиринде, бул витамин организмди ар кандай вирустардан коргойт. Ошол себептүү пандемия шартында ал адамга эки эселеп керек.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Англиянын Саламаттык сактоо башкармалыгы карантин учурунда D витаминин ичип турууну сунуштады. Бул тууралуу ВВС жазды.

"Адатта адам баласы бул витаминди жаз жана жай мезгилинде күндөн алат. Бирок учурда жер жүзүндөгү адамдардын көпчүлүк бөлүгү изоляцияда үйдөн чыкпай отурат. Алардын арасында айрымдарга чындап эле күндү көрүү мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан D витаминин препарат түрүндө алуусу зарыл", — деп айтылат макалада.

Адистердин пикиринде, бул витамин организмди ар кандай вирустардан коргойт. Ошол себептүү пандемия шартында ал адамга эки эселеп керек болууда.

Буга чейин окумуштуулар вирустан сактануу үчүн Е витамини дагы зарыл экенин айтышкан. Алар кайсы азыктарда мол экенин Sputnik Кыргызстан жазган материалдан окусаңыз болот.