Кыргызстанда дагы 17 кишиден коронавирус табылды

Кыргызстанда 26-апрелге карата дагы 17 адамдан коронавирус илдети табылды. Ушуну менен ооругандардын саны 682ге жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Кыргызстанда дагы 17 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, илдетке кабылгандар төмөнкү аймактардан табылган:

  • Бишкек шаары – 7;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Баткен облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Ош облусу - 2.

Ушуну менен өлкө аймагында вируска кабылгандардын жалпы саны 682ге жетти.