Италия жылдын соңуна чейин туристтерди киргизбей турганын айтууда

Аткаминер атактуу жерлердин ичинен Колизей менен Помпеинин элди кайрадан кабыл алуу ыктымалдыгын кошумчалаган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. – Sputnik. Италиянын чек арасы жыл аягына чейин чет элдик туристтер үчүн жабык болот. Бул туурасында маданият жана туризм министри Дарио Франческини La Repubblica гезитине маек берип жатып айтканын РИА Новости жазды.

"Бул (чек аралардын ачылышы – ред.) эпидемиологиялык кырдаалга жана ар бир мамлекеттин өзүнүн саясатына жараша болот", — деп кошумчалаган министр.

Тажикстан бет кап чыгарып Италияга жөнөтүп жатат
Анткен менен Франческини Италияда май айында коронавирустан улам жабылган музейлер менен өлкөдөгү көрүнүктүү жерлер иштеп башташы мүмкүндүгүн да айткан.

Аткаминер атактуу жерлердин ичинен Колизей менен Помпеинин көрүүчүлөрдү кайрадан кабыл алуу ыктымалдыгын кошумчалаган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта коронавирус пандемиясын жарыялаган. ДССУнун соңку маалыматтарына караганда, планетада бул вирусту жуктурган 2,6 миллион адамзат катталса, алардын 181 миңи каза тапкан.

Ал эми Италияда аталган илдеттен 25 969 киши көз жумган. Дүйнө боюнча дал ушул өлкө көп жабыр тартып, жарандары менен дарыгерлеринен ажырады. Ал эми айыгып чыккандарды, каза тапкандарды кошкондо оору 192 994 адамга жуккан.