Бош калган көчөлөр... Карантин учурундагы түнкү Бишкектин асмандан көрүнүшү

Борбор калаанын асмандан тартылган видеосун комендатура жарыялады. Кадрдан бош калган көчөлөрдү көрүүгө болот. Кээде гана милициянын унаасы жүргөнү байкалат.
Sputnik

Комендатура Бишкек шаарынын түнкү көрүнүшү тартылган видеону жарыялады.

“Медиктер, милиционерлер жана мугалимдер ар дайым элдин кызматында болушкан. Алар мамлекеттин келечеги үчүн күчүн жумшаган жакындарыңыз экенин эстен чыгарбаңыз”, - деп видеонун алдына жазылган.

Комендатурадан бишкектиктердин колдоосу жана ишеними милиционерлер үчүн сыймык экенин кошумчалашты.