Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев UFC уюму менен келишим түздү

Буга чейин уюмдун октагонуна кыргызстандык бир туугандар Валентина жана Антонина Шевченколор, Рафаэль Физиев чыгып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев беделдүү UFC уюму менен келишим түздү. Бул маалыматты спортчу өзү Sputnik Кыргызстанга тастыктады.

Ал дүйнө жүзүндө карантин режими аяктагандан кийин октагонго качан чыгары жана ким менен беттешери белгилүү болорун айтты.

“Убада болгондой, биз расмий түрдө келишимдин биринчи этабына кол койдук. Азыр UFC уюмунан экинчи келишимди күтүп жатабыз. Эч кимден утулбашым керек, анткени менин келечегим ошого жараша болот. Алдыда жакшы жаңылыктарды чыдамсыздык менен күтөбүз”, — деди мушкер.

Азиз Сатыбалдиев UFC уюмунун октагонуна чыга турган төртүнчү кыргызстандык болуп калды. Буга чейин бир туугандар Валентина жана Антонина Шевченколор, Рафаэль Физиев келишим түзгөн.