Жээнбеков спикер жана премьер менен пандемиядан кийинки кадамдарды талкуулады

Сооронбай Жээнбеков мындан ары дагы, өзгөчө инфекция менен ооруп жаткандар көп катталган аймактарда бардык карантиндик-санитардык талаптар кынтыксыз сакталышы керектигин баса белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, мамлекеттик органдарга экономикалык терс кесепеттерди азайтуу жана пандемиядан кийинки биринчи кезектеги пландар боюнча пикир алышуу болду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кризиске каршы чаралар планын ишке ашыруу, өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө аракеттери боюнча өкмөттүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Ал эми президент айрым региондор жана жалпы республика боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүнө жараша экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандантуунун ар кандай варианттары каралышы керектигин эскертти.

Министр вирусту медиктер кантип жугузуп алып жатканын айтып берди
Сөзүнүн аягында Жээнбеков мындан ары дагы, өзгөчө инфекция менен ооруп жаткандар көп катталган аймактарда бардык карантиндик-санитардык талаптар кынтыксыз сакталышы керектигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 665ке жетти. Анын ичинен 345и ооруканадан чыгарылса, 312си стационарда, алтоо жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды. Коронавирус өлкөдө сегиз адамдын өмүрүн алган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот