UFC башчысы Хабиб Нурмагомедовдун октагонго кайтар убактысын айтты

UFC президенти беттештин айын айтканы менен, кайсы жерде болорун тактаган эмес. Ал эми россиялыктын атаандашы 9-майдагы турнирдин башкы кармашынын жеңүүчүсү болору анык.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) президенти Дана Уайт россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов сегиз бурчтукка сентябрь-октябрь айларында кайтат деп күтүп жатканын билдирди. Бул туурасында TSN каналынын журналисти Аарон Бронстетер Twitter баракчасында жазганын РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, Уайт беттеш кайсы жерде болорун тактаган эмес. Ал эми россиялык мушкердин атаандашы 9-майдагы турнирдин башкы кармашынын жеңүүчүсү болот. Кеп америкалык мушкерлер Тони Фергюсон менен Жастин Гэтжи тууралуу болуп жатат. Эки мушкер 9-майда Жексонвиллдеги (Флорида штаты) UFC 249 турниринин алкагында утурумдук кур үчүн беттешет.

Чалкасынан жыгып... UFC бөтөнчө жеңиштердин видеосун чыгарды
Эске сала кетсек, Нурмагомедов менен Фергюсон 18-апрелде Нью-Йоркто кыл чайнашып, россиялык спортчу чемпиондук наамын коргомок. Бирок коронавируска байланыштуу шаардын бийлиги массалык иш-чараларды токтоткон. Ошондон улам промоутерлик компания беттеш өткөрүүгө башка жерди издеп баштаган. Бирок 1-апрелде россиялык спортчу карантинге байланыштуу мекенинде калгандыктан, Фергюсон менен беттеши болбой калганы аныкталган.

Ушуну менен мушкерлердин беттеши 2015-жылдан бери бешинчи ирет жылдырылып жатат. Бирде россиялык атлет, экинчисинде америкалык спортчу жаракат алса, соңку беттешке коронавирус пандемиясы себеп болду.