Маморгандар бул жума да дем алышсыз иштешет. Өкмөттүн чечими

Ал эми бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 25-26-апрелди иш күндөрү деп жарыялоо сунушу киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. 25-26-апрелди айрым мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн иш күн кылуу боюнча өкмөттүн чечими чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

"Документ өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды ыкчам кабыл алуу жана өлкө экономикасынын башка тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган. Ар бир мамлекеттик орган, мекемелердин жетекчилерине эс алуу күндөрү иштеген кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди", — деп айтылат маалыматта.

Бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 25-26-апрелди иш күндөрү деп жарыялоо сунушу киргизилгени кошумчаланды.

Буга чейин 22-марттан 13-апрелге чейин мамлекеттик орган, мамлекеттик мекеме жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дем алышсыз иштээри тууралуу өкмөттүн буйругу чыккан. Бирок коронавирустан улам өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылган эле.

Азыркы абал

COVID-19 жуктурган өтө оор абалдагы адамды дарылоого 118 миң сомдой сарпталууда
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 665ке жетти жетти. Анын ичинен 345и ооруканадан чыгарылса, 312си стационарда, алтоо жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды. Коронавирус өлкөдө сегиз адамдын өмүрүн алган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.