Министр вирусту медиктер кантип жугузуп алып жатканын айтып берди

Бүгүн дагы үч медик коронавируска кабылып, жалпы саны 175ке жетти. Алардын ичинен 65и сакайып чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Айрым медиктер коронавирусту жөнөкөй эле коргонуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн жуктуруп алышы мүмкүн. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, медицина кызматкерлеринин вируска чалдыгуусунун себептери ар кандай. Мисалы, оорунун очогуна барган учурда кабылышы ыктымал.

“Оорунун очогунда алар атайын костюмдарды, кол каптарды, көз айнектерди жана маскаларды тагынат. Балким, иш учурунда аларды кийип-чечүүдө бир нерсесин туура эмес кылып алышы ыктымал. Мындан тышкары үй-бүлөсүндө же жумушта вирустун белгиси жок эле ооруп жаткандардан жугузат”, — деди министр.

Эске салсак, бүгүн дагы үч медик коронавируска кабылып, жалпы саны 175ке жетти.

Ал эми жалпы коронавирус жуктурду деп катталгандардын саны Кыргызстан боюнча 665 болду

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот