Жакшы жаңылык! 23 бейтап коронавирустан айыгып чыкты

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, айыккандардын 12си Бишкектен, ону Оштон жана бирөө Чүйдөн.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, айыккандардын 12си Бишкектен, ону Оштон жана бирөө Чүйдөн.

Учурда республика боюнча 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Ал эми коронавирусту Кыргызстанда бүгүн дагы 9 киши жуктуруп алды.

Кыргызстанда учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот