56 жаштагы Марс Тыналиев жыйырма беш жылдан бери Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунда эмгектенет. Иш менен жүрүп вирус жуктурган медик Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду. Ал оорунун канчалык коркунучтуу экендигин баяндап, элди вирусту алдын алууга олуттуу мамиле жасоого чакырды.
Эске сала кетсек, 25-апрелге карата вирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 175ке жетти. Алардын ичинен 65и сакайып, кайрадан жумушуна киришти.
— Коронавирус сизге кандайча жабышты?
Мага негизи азыркы күнгө чейин вирусту кимден жана кандайча жуктурганым табышмак. Бирок бардыгы эмнеден башталганын билем. Бир күнү жамгыр жаап, суукта калып калдым. Кийинки күндөрү чыйрыгып, калчылдап, дене табым көтөрүлүп, жумушка чыга албадым. Поликлиникадан өпкөмдү ренгтенге тартып, пневмония дешти. 20 жыл мурда дагы пневмония болгондуктан, айыгып кетем деген ойдо өзүм билемдик кылып укол алып, андан жакшы болуп калгандай сезилдим. Бирок кайра абалым оорлоп, Тез жардам менен №6 клиникалык ооруканага алып барышты. Ал жерден эпидемиологдорду чакырып мурдуман мазок алышты. Эртеси, 31-мартта, инфекциялык ооруканага алып барып, ошол жактан коронавирус жуктурганымды билдим. Дем алганым кыйындап, абалыма карап жандандыруу бөлүмүнө которушту. Бул оору өпкөдөн аябай кармайт экен, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырганга аргасыз болушту. Дарыгерлер өпкөмдү рентгенге тартып, жакшы эмес экенин айтып турушту.
— Анүстүнө жашы өткөн адамдардын да ооруга туруштук берүүсү кыйын экендиги айтылат эмеспи.
— 56 жашка келип олуттуу өнөкөт ооруга чалдыккан жокмун, дене-кардым соо, бой-салмагым бири-бирине туура келет. Бассейнге барып, көнүгүүлөрдү жасап, жашоо ыргагым активдүү. Коронавирус негизи эле өпкөнү жабыркатарын билдим. Анүстүнө суукта, жумуш менен ачка жүрүп, иммунитет төмөндөп кеткенде жуктурдум окшойт.
— Адатта вирус менен өзүңүз күрөшүп жүрүп ага чалдыгып калганыңызды укканда кандай абалда болдуңуз?
— Анда өзүм оор абалда жаткам. Дарыгерлер деле шак бетке айта салышпайт да, жооткотуп анан билдиришти. Укканда эмоция деген жоголду. Же ыйлабай, же коркпой бир башкача эле болуп калдым. Андан кийин ооруну жеңе аламбы же жеңе албай каламбы деген ойлор келет экен. Үйдөгүлөрдү, бала-чакамды, неберелеримди көрөмбү дейт экенсиң. Жасалма дем алдыруучу аппаратты алганда көрөр күнүм, ичер суум бар экен дедим.
Жатып алып балдарыма жугуп калган жокпу деп кыжалаттандым. Себеби үй-бүлөм чоң, 8-9 киши жашайбыз. Ата-эне деген өзүм оорусам да балдарым оорубасын дейт да. Алар карантинге алынышты, эч кимиси ооруган жок.
— Үйгө чыгып келгенде аябай сүйүнсөңүз керек?
— Ооба, жакындарымды коюңуз, жада калса үйдүн дубалдарын сагыныптырмын. Азырынча өзүнчө бөлмөдөмүн. Небелерим менен эркелеше элекмин. Дагы эки жума обочолоном.
— Азыр ден соолугуңуз кандай?
— Ооруканадан чыгаарда үч жолу тест тапшырып, бардыгы тең вирус жок экендигин көрсөттү. Учурда оорудан кийинки реабилитациядан өтүп жатам. Абалым жакшы, өзүмдү жакшы сезип калдым. Буюрса эки жумадан кийин жумушума кайтам деп турам.
— Элге эмне айткыңыз келет?
— Республикалык штабдын, Саламаттык сактоо министрлигинин айткандарын аткаргыла. Карантиндик эрежени сактагыла. Кечээ көчөдөн бирөөнү үч метр алыс туруңуз десем, мээң жайындабы дегендей карады. Ооруп жатканда белгилүү эле адамдардын коронавирус жок дегенин угуп, ушул ооруканага келип өз көздөрү менен көрүшсө болмок дедим. Бул вирус кооптуу, ага олуттуу мамиле жасаңыздар.