БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн дагы 9 киши коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 аныкталгандардын саны 665ке жетти.
"Жаңы учурлардын төртөө Бишкекте, төртөө Ош шаарында, бирөө Чүй облусунда. Арасында үч медик бар", — деди Үсөнбаев.
Бүгүнкү күндө коронавирус менен алпурушуп жаткан медицина кызматкерлеринин саны 175 болду.
Кыргызстанда учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.