Чет өлкөдөн кайткан кыргызстандыктардын экөө вирус ала келди

Апрель айынын ортосунан бери Түркия жана Россияда калган бир нече жаран Кыргызстанга алып келинген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Акыркы күндөрү чет өлкөлөрдөн чартердик аба каттамдары менен алып келинген кыргызстандыктардын арасында коронавирус жуктуруп алган эки учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, алгач 17-апрель күнү Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарларынан 211 жаран келген. Анын ичинен бири коронавирус жуктурганы белгилүү болгон.

“22-апрель күнү Новосибирсктен учуп келген 177 жарандын бирөөсүндө коронавирус инфекциясы тастыкталды. Ал эми кечээ Стамбулдан келген 352 жарандын анализдери чыга элек”, — деди министр.

COVID-19 жуктуруп алган медиктердин саны 175ке жетти
Ооруга чалдыккан эки адам Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында. Алар менен байланышта болгондор обсервацияга жаткырылды.

Бүгүн дагы тогуз киши вируска чалдыгып, жалпы катталгандар 665ке жетти. Сакайып чыккандардын саны 345 болсо, сегиз киши көз жумду.

Ал эми вируска кабылган медиктердин жалпы саны 175ке жетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот