COVID-19 жуктуруп алган медиктердин саны 175ке жетти

Бүгүн жалпысынан тогуз киши вируска чалдыгып, жалпы катталгандар 665ке жетти. Алардын ичинен 175и медицина кызматкери.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда дагы үч медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

“Үч медик тең Бишкек шаарындагы ооруканада иштейт. Жалпы вирус жуктурган кызматкерлердин саны 175, алардын ичинен 65и сакайып, кайрадан жумушуна киришти”, — деди министр.

Бүгүн тогуз киши вирус жуктуруп алганы маалым болду, жалпы катталгандардын саны 665ке жетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот