БАЭ полициясы COVID-19 жуккандарды акылдуу шлем менен табууда. Видео

Бириккен Араб Эмирлигинин укук коргоо органдары адамды беш метр аралыктан эле сканерлеп, дене табын көрсөтүүчү атайын шлемдерди алышты.
Sputnik

Бул шлемдин кандай иштээрин Дубай полициясынын жетекчи орун басары Дахи Хальфан Instagram баракчасына видеоролик жүктөп көрсөтүп берди.

Бир минутанын ичинде шлем эки жүз кишини сканерлей алат. Эгер инфракызыл портко дене табы көтөрүлгөн адам түшүп калса белги берет деп жазат Khaleej Times.

Эскерте кетсек, БАЭде коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9,2 миңден ашып, 54 киши каза болду.