АКШ соту Facebook компаниясын 5 млрд доллар айыпка жыкты. Себеби

Facebook жеке маалыматтарды өз ишмердүүлүгүнүн ар бир этабында жетиштүү коргогон эмес деп күнөөлөнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. АКШнын Федералдык соту Федералдык соода комиссиясынын (FTC) Facebook компаниясынан 5 миллиард доллар өндүрүү чечимине макулдугун берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Биз соттун чечимине ыраазыбыз. Беш миллиард доллар Кошмо Штаттар тарыхында эң чоң айыптардын бири", — деди комиссия жетекчиси Джо Саймонс.

Анын айтымында, Facebook жеке маалыматтарды өз ишмердүүлүгүнүн ар бир этабында жетиштүү коргогон эмес деп айыпталган.

Facebook Си Цзиньпиндин атын мазактап которгону үчүн кечирим сурады
2019-жылдын июль айында FTC Facebook 5 миллиард айып төлөсүн деп чечим кабыл алган. Ага дүйнө жүзү боюнча айрым колдонуучулардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткендеги чуу себеп болгон.

2008-жылдын жазында Facebook социалдык тармагы Европа комиссиясына Европадагы 2,7 миллион колдонуучу тууралуу маалымат Cambridge Analytica уюмунун колуна түшүп калышы мүмкүн деп кат жолдогон.

Анда ЖМКлардын жазганына караганда, компаниянын Жозев Канселлор жана Александр Коган аттуу кызматкерлери сырды сактоо боюнча саясатты бузуу менен Cambridge Analytica аналитикалык компаниясына колдонуучулардын жеке маалыматтарын берип турушкан. Бул компания Дональд Трамп менен шайлоо өнөктүгүнүн алдында кызматташканы дагы айтылган.