Тажикстанда жана Түркмөнстанда COVID-19дун бар-жогун ДССУ текшерет

ДССУ делегациясынын сапары келерки жумага пландаштырылып жатат. Алар иш сапардан кийин мамлекеттердеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу корутунду беришет.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттеринен турган делегация коронавирус каттала элек Тажикстан менен Түркмөнстанга барышат. Бул тууралуу ДССУнун Европа боюнча регионалдык бюросунун директору Ханс Клуге Копенгагенде өткөн брифингде билдиргенин Sputnik Тажикстан жазды.

Анын айтымында, эксперттердин сапары кийинки жумага пландалып жатат. Алар бардык шаарларды, медициналык мекемелерде жана өлкөлөрдүн маанилүү объектилерин текшермекчи.

БУУнун башкы катчысы Трамптын ДССУну каржылоону токтотушун сынга алды
Иш сапардын жыйынтыгы менен эксперттер өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу корутунду чыгарышат. Ошондой эле эксперттер COVID-19 жайылышын алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча өз сунуштарын беришет.

Тажикстан менен Түркмөнстандын Саламаттык сактоо министрликтеринин маалыматы боюнча, аталган өлкөлөрдө коронавирус инфекциялары катталган учур жок.

Жонс Хопкинс университетинин соңку маалыматына ылайык, коронавирусту жер жүзүндө 2,7 миллионго жакын адам жуктуруп, 190 миңден ашыгы көз жумду.