Өзбекстан Россияга үч ирет гуманитардык жардам жөнөттү

Өзбекстанда COVID-19 жуктургандардын саны 1716га жетти, анын ичинен 486 адам айыгып чыгып, жетөө каза болду.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Өзбекстан Россияга бет кап түрүндөгү гуманитардык жардамдын үчүнчү партиясын жеткирди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Өзбек өкмөтү гуманитардык жардамдын алгачкы тобун Москвага 18-апрелде жөнөткөн. Экинчисин 20-апрелде жеткирген. Жалпы жонунан беш миллион медициналык бет кап берилген.

Тажикстан бет кап чыгарып Италияга жөнөтүп жатат
Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Өзбекстандын коронавирус менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамын жогору баалап, өнөктөш мамлекет экенин дагы бир жолу далилдегенин белгилеген.

Ошону менен катар эле Россия дагы Өзбекстанга жардам көрсөтүп, буга чейин тест-системаларды жөнөткөнү айтылат.

Соңку маалыматтар боюнча, Өзбекстанда COVID-19 жуктургандардын саны 1716га жетти. Анын ичинен 486 адам айыгып чыгып, жетөө каза болду.

Ал эми Россияда 62 миң киши коронавируска чалдыгып, анын арасынан 4,8 миңи сакайды. Ошол эле учурда 555 жаран ажал тапты.