Уят болчу! Кыргызстандагы алгачкы сулуулук сынагы кантип өткөн. Видео

1988-жылы азыркы Бишкек, андагы Фрунзе шаарында калаа сулуусун тандашкан. Биз ага катышкандар менен байланышып, кыргыз жеринде алгачкы сулуулар сынагы кантип өткөнүн уктук.
Sputnik

Иш-чара борбордогу спорт сарайында өткөрүлгөн. Мурда болуп көрбөгөн мындай кечеге эл агылып келип, орундуктар гана эмес, тепкичтер дагы толуп калган.

Кастингге үч миңдей кыз катышкан, алардын көпчүлүгүнүн сулуулук стандарттары тууралуу кабары дагы болгон эмес.

Лонгрид: Сулуулук сынагына катышкан кыздан ата-энеси уялчу. Фрунзе чүрөгү кантип тандалган?
Сулуулук сынагына катышкан кыздан ата-энеси уялчу. Фрунзе чүрөгү кантип тандалган?
Сынакка катышкан көпчүлүк кыздар коомчулуктун сынынан коркушкан. Анткени ал кезде мен сулуумун деп алдыга атырылып чыгыш тарбия көргөн кыз үчүн уят деп эсептелчү. Керек болсо көпчүлүк аталар кыздарды сулуулук сынагы тууралуу ойлонууга тыюу салышчу.

Кыргыз тарыхынын китеп бетине жазылбаган айрым учурларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосюжеттеринен көрүңүз. Мисалы, жакында элге Кыргызстанга кантип электр жарыгы келгендиги тууралуу маалымат бердик.