Ишембиге карата аба ырайы

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. 25-апрель, ишемби күнү, республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ошондой эле бийик тоолуу өрөөндөрдө жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Адистер адамзатты курута турган 10 коркунучту атады
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй менен Таласта +20…+25 , Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +25…+30 жана Ысык-Көл менен Нарын жергелеринде +19…+24 радус жылуу болот.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми Ош шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы баш калаада +23…+25 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +24…+26 градусту көрсөтөт.