Радио

Ойтемиров: Эмгек кодексине дистанттык иштөө боюнча өзгөртүү сунушталууда

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башчысы Махмуд Ойтемиров аралыктан иштөө боюнча Эмгек кодексине өзгөртүүлөр сунушталып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Ойтемиров: Эмгек кодексине дистанттык иштөө боюнча өзгөртүү сунушталууда

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолор киргизилиши күтүлүүдө. Аталган мыйзам долбоору кызматкерлердин дистанттык иштөөсүнө байланыштуу болмокчу. Бул тууралуу Махмуд Ойтемиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кабыл алына турган мыйзам бир гана карантин учурунда аралыктан иштөө эмес, негизи эле өз милдетин дистанттык түрдө аткарган кызматкерлерге тиешелүү болот.

"Эмгек кодексине өзгөртүүлөр сунушталууда. Анда аралыктан иштеген кызматкерлердин иш сааты, айлык акысы, пенсиялык төлөмдөрү боюнча укук, милдеттери камтылган. Бул бир гана өлкөдө өзгөчө кырдаал же санитардык карантинге байланыштуу дистанттык иш алып барууга мажбур болгон учурда керектелчү мыйзам болбойт. Анда ошол эле аралыктан иштеген бухгалтерлер, фрилансер жана башка ушул сыяктуу кесип ээлеринин кызматы да каралган. Аталган мыйзам долбоору кесиптик бирликтер, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен пикир алышуудан кийин иштелип чыкты", — деди Ойтемиров.

Ал коомчулукту мыйзам долбоорун талкуулоого активдүү катышууга чакырды.