Британия: кош бойлуумун деп жүргөн аял өлүмгө жетелеген оорусун билди

Былтыр июлдан тарта 40 жаштагы аялдын айызы токтоп, ашказаны менен көкүрөгү чоңоё баштаган. Бирок дарыгерлер ал бала күтүп жатпаганын билдиришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Өзүн кош бойлуу деп ойлоп жүргөн Британиянын жашоочусу Жасмин Бирд организминдеги өзгөрүү өпкө рагынан болуп жатканын билди. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Былтыр июлда 40 жаштагы аялдын айызы токтоп, ашказаны чоңоюп баштаган. Бир аз убакыттан кийин көкүрөгү да чоңоё баштаган. Аял боюмда бар болушу керек деп ойлоп тест тапшырганда, эч кандай бала күтүп жатпаганы белгилүү болгон.

Ичи чоңоё баштаганда Жасмин ооруканага кайрылган. Дарыгер бейтаптан стресстин белгилерин байкап, ашказандын кычкылдуулугун азайтуу үчүн антацид дарысын жазып берген. Аял ага карабастан УЗИден өткөрүүнү талап кылган. Бирок медиктер анын боюнда болбогондон кийин изилдөөдөн өтүүнүн кажети жок экендигин айтышкан.

Ракка кабылып тукумсуз болуп калган келин уул төрөп алды. Таң калтырган окуя
Бирд социалдык тармакка сүрөттөрүн жүктөгөндө, тааныштары "баланын атасы ким" экендигине кызыга башташкан. Башында аял "түйүлдүктү өлтүрүп алам" деп коркуп, рентгенге келүүдөн баш тартып жүргөнү айтылат. Кийинчерээк дарыгерлер аны трансвагиналдык сканерлөөгө көндүрүп, андан кийин кадимки рентгендик изилдөөдөн өткөрүшкөн.

Октябрда дарыгерлер анын сүрөттөрүнөн өпкө жагы карарып калганын байкашып, декабрда биопсия жана позитрон-эмиссиялык томографиядан өткөрүшкөн. Ал эми январда ага өпкө рагы диагнозу коюлган.

Ошол мезгилде британиялык аял көкүрөк инфекциясы менен ооруп калгандыктан анын өпкөсүнө операция февраль айында гана жасалган. Операция 14 саатка созулуп, өпкөсүнүн жарымы алып салынган.

Учурда аял өпкө шишигинен толук айыкканына ынануу үчүн текшерүүдөн өтүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу ооруканага бара албай жатат.