БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаадагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан кабар алган.
"Мэр аларга президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун жеткирип, ар бир ардагерге республикалык бюджеттен бөлүнгөн 75 миң сомдон акча каражатын тапшырды. Андан тышкары жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир каптан ун жана башка азыктар берилди", — деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад шаарында учурда Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагери, концлагердин бир туткуну, ооруктун эки ардагери жашаары кошумчаланды.